Мекенинен алыстап, кыйырда жүргөн кыргыздар арбын. Көпчүлүгү окуп, иштеп, жакшы жашоо, жаркын келечек издеп кеткендер. Алардын бири Алтынай Маматова аттуу мекендешибиз. Ал Германияга алгач программа менен окууга барып, андан жашап, иштеп калган. Чет жердеги жашоо, ал жактагы кыргыздар жөнүндө интернеттен баарлашсак дагы, коногубуз бет маңдай отургандай кеңири маектешти. 

Саламатсызбы Алтынай айым? Германияга кантип барып калдыңыз?  Өзүңүз Кыргызстандын кайсыл жеринен болосуз?

Саламатчылык! Мен Кыргызстандын күнөстүү түштүк жергесинин кызы болом. Тагыраагы, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу, Коммунизм айылында жарык дүйнөгө келгенмин. 2005-жылы атайын студенттерге ылайыкташтырылган программа аркылуу Германиянын Дрезден шаарына келип калгам, ал учурда Ош Мамлекеттик Университеттин чет тили факультетинде 2-курстун студенти элем.  Бул жакта эки жыл билим алып, практикадан өттүм, андан кийин Кыргызстанга барып окуумду улантып, аяктадым. Ошентип сүйлөшкөн жигитиме турмушка чыгып, бир уулдун энеси болдум.  Сүйгөн кесибимдин ээси болуп, бир нече жыл банкта иштедим. Андан соң үй-бүлөбүз менен  Германиянын Кёльн шаарына  көчүп келдик, келгенде тил жагынан уулубуз аябай кыйналды, кийин үйрөнүп кетти. Учурда мектепте аябай жакшы окуйт.  2016-жылы кыздуу болдук, азыр кызыбыз 3жаш болуп калды, бала бакчага барат.

Германияда канча жылдан бери жашайсыз? Кандай жумуш менен алектенесиз?

Бул жакта жашаганыбызга 6 жылдын жүзү болуп калды, анын ичинен 2 жылым студенттик мезгилим. Учурда жолдошум иштейт, мен кызым кичине болуп, толук кандуу иштей алган деле жокмун. Бул жакта кол кабыш кылганга тууган-урук деген жок. Кыргызстанда болсо ата-энең же туугандарың деле каралашып турат эмеспи, кызымды караганга эч ким жок болгондуктан аз саат гана иштей алам. Буйруса кызым чоңоюп , балам өз алдынча болуп калды эми жакында жумушка чыгууну пландап жатам.

Тилди канча убакытта үйрөнө алдыңыз? Өзгөчө ыкмаларыңды колдоносузбу ?

 “Жети элдин тилин бил, жети түрлүү билим бил”,- деген улуу кеп бар эмеспи, көп тил билген жакшы да. Чет жерде жүргөндө ал жердин тилин билсең жашоого дагы жеңил. Мен өзүм немец тилин атайын курска барып, интернет аркылуу окуп, тез эле үйрөнүп кеткем. Өзгөчө эч кандай деле ыкмам жок. Эң башкысы адамда каалоо менен аракет күч болсо оңой эле. Бат үйрөнүүнүн дагы бир жолу, ошол тилде сүйлөгөн адамдар менен көбүрөөк баарлашуу керек.

Чет өлкөгө баргысы келген жаштарга кандай кеңештерди берет элеңиз?

Окуу, окуу жана окуу ! Жаштарга айтарым окугула, аракет кылсаң баары болот. Баардык нерсе адамдын өзүнөң көз каранды. Эмгекчил адам баарына жетише алат, жалкоолукту таштоо керек. Жаштар үчүн азыр мүмкүнчүлүктөр, чет өлкөгө чыга турган программалар аябагандай көп. Германияга келүү үчүн Бишкекте программалардын официалдуу өкүлү да бар, болбосо www.daad.kg интернет сайтынан деле маалымат алса болот.

 Кыргызстандын көбүнчө эмнесин сагынасыз? Кыргыздарга окшоштук жактары барбы? Климаты кандай?

“Туулган жердин топурагы алтын”,-деген сөз бекеринен айтылбаса керек,Кымыз жыттанган айылымды , андагы алтындай болгон апамды сагынамын. Бир туугандарым менен баарыбыз бир үйдө жай гана сүйлөшүп отурган убакытты  кадимкидей эңсеп,сагынамын, ошол күндөргө, балалыгыма баргым келет. Немецтердин тамак-ашына чынын айтканда толук көнө албадым, көбүнчө үйдө өзүбүздүн улуттук тамактарды эле жасайм. Бизге окшоштук жагы  элинин кен пейилдиги, ачыктыгы.   Климаты ,жамгыр көп жаайт, жай мезгили көпкө созулбайт. Кышында болсо кар турбайт, бат эле эрип кетет. Жаратылышы да аябай кооз, төрт мезгил тең жапжашыл болуп турат. Анан калса кары жаш дебей баары жаратылышка аябай аяр мамиле жасашат.

Германияга жаңы баргандагы кандай окуялар эсиңизде калды?

 Алгачкы келген  күнүм таптакыр эсимден кетпейт. Түндө келип, эртеси эртең менен көчө айланып келейин деп сыртка чыгып айланып жүргөм. Бир убакта чоң  жолдун наркы бетинде жашы бир топко барып калган кемпир,чал күлүп салам беришти, мен таң калып эки жакты карап коем. Менден башка ал жерде адам жок, анан мен да күлүп учурашып койдум. Болгону жарым сааттай сыртта сейилдеп, алдымдан чыккан 5,6 адам менен саламдаштым, ошонусу мени аябай тан калдырган. Тааныбаган адамдарга да салам бергени.

Кыргыздар көпбү? Кандайдыр бир уюм барбы ал жактагы кыргызстандыктарды чогултуп белгилүү даталарды белгилеп турган?

Кыргыздар көп, атайын кыргыздардын уюму да бар, алар түрдүү  кечелерди уюштуруп турушат. Мисалы, Нооруз майрамы өзгөчө белгиленет, улуттук тамак-аштардын түрлөрү жасалат. Башка улуттардан өзгөчөлөнүп “Рейн” деген дарыянын жээгинде  улуттук боз-үйүбүздү тигип, анын ичи толо саймалуу шырдак, жууркан, көшөгө менен жасалгалайбыз. Ар кайсы шаардан өнөрлүү кыз-жигиттерибиз келишип, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Башка улуттар келишип боз үй, тамак-аш, комуз сыяктуу нермелербизге кызыгышып, суктанып да таң калып да кетишет. Мындай иш-чаралар кыргыз элчилиги менен биргеликте уюштурулат.

Мекенге келип жашоо оюңузда барбы же ошол жакта каласызбы?

Ар кимге туулуп өскөн жери мисир. Туулган жердин тузун татып, топурагы буйрусун деп тилеймин. Чет жакта жүргөнүбүз убактылуу эле. Албетте, буйруса мекенге кайтабыз деген оюбуз бар. Бирок азыр эмес. Балдарыбыз бул жакта окуп, билим алып калышты, алардын келечегине кам көрүү милдетибиз. Жараткан насип кылган күнү Кыргызстанга сөзсүз кетебиз.

Маек үчүн чооң рахмат!  

Маектешкен: Гүлзада Абдыраxманова

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз