Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алтынай Өмүрбекова акыркы учурларда өлкөдө футболго кызыккандардын саны көбөйүп жатканын айтты. Анын айтымында, күйөрмандар футбол боюнча Улуттук кураманын тандоо турундагы оюндарын чыдамсыздык менен күтүүдө.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: «Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек», – деди. Ал мындан бир нече жыл мурда Кыргызстан менен Австралиянын курама командаларынын Бишкекте өткөн беттешинде күйөрмандар бир топ уу-дуу болгонун эске салып, бул жолу ошондой кырдаал кайталанышы ыктымал экенин айтты. Алтынай Өмүрбекова футбол болуп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун квалификациялык раундунда Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы F тайпасына Япониянын, Тажикстандын, Монголиянын жана Мьянманын командалары менен туш келди. Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү Катар мамлекетинде 2022-жылы өтөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз