Соңку мезгилдерде оорунун миңдеген түрлөрү пайда болуп, ага карата дартка даба издегендер да арбып барат. Бейтаптар салттуу медицинадан тарта  элдик медицинага ал гана эмес Чыгыш Элдик медицинасына да кайрылып келишет. Чыгыш элдик медицинасы алтын ийнелердин жардамы менен дарылоо жүргүзүп, рефлекстик дарылоо ыкмалардын катарына кирет. Бүгүнкү күндө бул ыкманы колдонуп эмгектенип келген ак халатчандардын саны арбын. Алардын арасынан Кыргызстанга эң биринчилерден болуп рефлекс жолу менен дарылоо ыкмасын киргизген  врач Темирбек Бекбоев.

АЛТЫН ИЙНЕЛЕДИН АЙТЫП БҮТКҮС ПАЙДАСЫ

Темирбек Бекбоевдун айтымында ар бир илдеттин шыпасы бар. Болгону адам ден соолгун  максималдуу түрдө сактоого аракет жасоосу керек. Учурда дары-дармектердин натыйжасы жогору болгону менен анын баары химия болгондуктан, зыяндуу жактары да бар. Ал эми ийнетерпиясы физикалык дарылоо деп саналып ийне тиешелүү гана чекитке сайылат да бир канча илдеттерди айыктырат.

АЛТЫН ИЙНЕЛЕДИН АЙТЫП БҮТКҮС ПАЙДАСЫ

Алтын ийнелер адатта баалуу металлдардан жасалып, адамдагы баардык ооруларга сайыла берет. Болгону кургак учук, инфекциялык, онкологиялык, хирургиялык ооруларга колдонууга болбойт. Андан сырткары жашы улгайган инсандар менен жаш балдардын дене табы көтөрүлүп турган маалда колдонууга тыюу салынат.

АЛТЫН ИЙНЕЛЕДИН АЙТЫП БҮТКҮС ПАЙДАСЫ

Ийнелер көбүн эсе неврологиялык илдеттерди айыктырууда жакшы натыйжа берет. Нерв оорулары адатта жөнөкөй эле депрессия же стресстен улам  күчөп жүрүп олурат дешет адистер. А депрессияга дүйнө жузү боюнча 264 миллиондон ашык адам кабылган. Ал эми дүйнө элин кооптонткон  пандемиядан улам, таажылуу вируска чалдыккандардын сананан да андан коркуп, дүрбөлөңгө түшүп, натыйжада неврологиялык илдеттерге туш болгондордун саны өскөн.

АЛТЫН ИЙНЕЛЕДИН АЙТЫП БҮТКҮС ПАЙДАСЫ

Жогорудагыдай дүрбөлөңгө түшүп, стересске кабылгандардан тарта, неврологиялык илдеттердин эң татаал баскычындагы бейтептарга чейин «Бекбоев медициналык борбору» ийне менен дарылоо ыкмасын сушунтап келет. Ал эми  омуртка бел, грыжа ооруларын  укалоо жолу менен айыктырууга болот.

АЛТЫН ИЙНЕЛЕДИН АЙТЫП БҮТКҮС ПАЙДАСЫ

АЛТЫН ИЙНЕЛЕДИН АЙТЫП БҮТКҮС ПАЙДАСЫ

Адамдын 700 нерв түйүнү жана он эки каналы бар. Ошолорго ийне сайып дарылоо жүргузүп келе жаткан Темирбек Бекбоев 40 жылдан ашык тажрыйбасынын негизинде адамдагы нерв клеткалары жаңыланып пайда болуп тураарын а бирок  мээнин клеткаларынын пайда болушу татаал экендигин баса белгилөө менен ден соолукту жоготуп алып анан  аны кайра калыбына келтирүүнү эмес, алдын ала сактай билүүнү сунуштайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.