Жарым жылдын жыйынтыгы менен өлкөбүздүн ички дүң өнүмү 228 миллиард сомду түзүп экономика 5,3 пайызга азайгандыгын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында болуп 10 пайызды түзгөн.

Андан кийин эле тейлөө чөйрөсүндө, кызмат көрсөтүү тармагында 9,2 пайыз ылдый кулаган.

Ал эми айыл чарбасында 1,6 пайыз өсүш болсо, өнөр жайында бейтараптуулук сакталып 0, 1 пайыз өскөн.

Эксперттердин эсебинде жыл жыйынтыгында экономика 5-7 пайызга артка кетип, өткөн жылдын деңгээлинен да ылдый болоору айтылууда.

Буга өкмөт өзү да макул.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.