Казакстандын Алматы шаарында боору таш эне суукта 5 айлык баласын көчөгө таштап кеткен. Коляскадагы баланы жолдон өтүп бара жаткан адамдар таап алган. Бул  тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Катуу үшүп, өпкөсүнө суук тийген наристе оор абалда ооруканага жеткирилген.

Андан бери бир айдай убакыт өтсө дагы баланы эч ким издеп келген эмес.

Балдар ооруканасынын дарыгерлеринин айтымында наристе көчөдө суукта көпкө жатып калган үчүн пневмонияга чалдыккан.

Баланын жанында эч кандай өздүгүн тактаган барак жок болгон,  эгер жакындары табылбаса балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз