Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Парламентке кайрылууда эмне маселелерди айтышы мүмкүн деген суроонун алкагында коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов “Марал” радиосуна берген маегинде айтты.

Алмамбет Матубраимов: “Азыркы учурдагы саясий акыбалга жараша кайрылуу жасайын деп жатат, Ошондой эле, сот бийлигин реформалоо, коррупция менен күрөш маселесине токтолот. Себеби азыр Башкы прокуратуранын негизги милдеттери – АКС менен Финполго өтүп кеткен учурлар бар. Ошондуктан бул мамилелердин баарын ортоктош кылып, айкалыштырып канткенде азыркы саясий акыбалдан чыгабыз деп кайрылуу жасайт деген ойдомун.

Өтө чоң талаптарды коёт. Ошол эле Жогорку Кеңеш, өкмөт, сот, укук коргоо, көзөмөл органдары, Эсеп палатасы, Финансылык полициясына тапшырмалар берилет. Себеби президент мындай кадамга барбаса учурда социалдык, саясий абал курчуп турат. Коррупцияга киришип, колунда акчасы көптөр биринин артынан бири кармалып жатканда чогулуп алып, ар кандай кыймылдарды түзүп, карама-каршылыктарды жаратууга аракет кылып жаткандай болуп жатат. Массалык маалымат каражаттарында да “биз акпыз, күнөөлүү эмеспиз”.. деген билдирүүлөр көп жарыяланууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз