Алай районундагы Гүлчө айылында № 36806 кургактагы аскер бөлүгүндө токко урунган жоокер көз жумду.

Башкы штабдын басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу кечээ 8-декабрда Ош облустук ооруканасында каза болгон. Аталган штабдын жетекчилери окуянын чоо-жайын билүү үчүн жерине кетишти.

Эске салсак, 4-декабрда машыгуудан келе жаткан жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.