Борбордук аянтта токтоп турган Ауди-С4 унаасынан өрт чыкты. Өрт чыккан учурда NewTV.kg каналынын кабарчысы Мира Абдылдаева жеринен тартып алып, Newtv.kg порталына билдирди.  

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 23-сентябрда аянтта токтоп турган унаа саат 14:40 чамасында күйгөн. Өрт анын жанында турган Фольксваген-Поло үлгүсүндөгү унаага да өтүп кеткен. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү унаалар келип, тилсиз жоону өчүрүп жатышат. 

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз