2019-жылдын 9-январь күнү саат кечки бештен өткөндө  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда,  Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-чакырымында (Капчыгай тилкеси) көлөмү болжол менен 1000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Мындай маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Андагы маалыматтарга караганда,  адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Кар көчкүнү тазалоого №27 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 18:04дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.