Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында Ибрагимов көчөсүндө турак үйдө өрт чыкты.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 21-майда саат 22:31 чамасында чыккан.

Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 36 чарчы метр пластик шыбы, 2 даана эшик, 2 даана терезе жана үй буюмдары күйүп кеткен.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.