Бүгүн, 25-май акыркы коңгуроо күнүндө өлкө боюнча коомдук тартипти камсыздоого 3 миң 391 милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ата-энелерге акыркы коңгуроо иш-чарасына байланыштуу отуруштарды уюштурбоо, жашы жете электерге автотранспорттук каражаттарды бербөө керектиги эскертилип, ар кандай кечелерди уюштуруунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын жогорку деңгээлде ишке ашыруу, мектептин бүтүрүүчүлөрү аралашкан жол кырсыктары, кыз ала качуу, массалык мушташ жана башка коомго жат көрүнгөн кылмыш окуяларынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Чек ара аймактарында, тагыраагы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ар түрдүү куралдуу кагылышуулардын алдын алуу үчүн чек ара кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, коомдук жайларда, чек арага жакын аймактарда милициянын кайгуул иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.