Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык акындар айтышка 16 төкмө катышууда. Акындардын тилинен  Айтматовдун философиясы төгүлүп ыр болуп агылып чыгып, дайрага айланууда. Мыкты төкмөчүлөр ушундай болот эмеспи. Көрүүчүлөргө залкар жазуучубуздун чыгармаларындагы каармандар да кайрадан тирилгендей таасир калтырууда.

Айтыш Капар Медетбеков атындагы драма театрында өтүүдө.

Айтыштын ачылышында алгач «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз сөз сүйлөдү.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз