Жылдар өтүп, сүрөтүңдү көз көрдү.

Жыйнай албай отурамын, сөздөрдү.

Мен өзгөрдүм. Сен өзгөрдүң. Ал тургай

Мезгил өзү таанылгыстай өзгөрдү.

 

Даңгыр жолдор аябаптыр, эч кимди.

Далай жолу таңдар атып, кеч кирди.

Жүзүң тааныш, күлкүң ынак… А бирок

Жүрөгүмдүн канаттары эскирди.

 

Өзүң менен кошо кеткен жаш чагым,

Өткөн турмуш эстен чыккан жаштамын.

Өзгөрүлдүм, сен тааныган учурдан

Өмүрүм да, өзүм дагы башкамын.

 

Эчак өчкөн, жаштыгымдын нур табы.

Эсимде жок, сага арналган ыр сабы.

Тартылса да каректерим көркүңө

Тамырыңда – башка жердин турпагы.

 

Мен – бир китеп, далай бети жоголгон.

Мен – бир кеме, кыйрап барып оңолгон.

Сен – бир калаа, боекторуң кетсе да

Сепилдериң гүлдөн кымкап оронгон.

 

Элесиңди кайра козгоп бүтүндөй,

Эске түштүң, жакшы жышаан түшүмдөй.

Ээн бөлмөдө отурамын, бул ырды

Эми эмнеге жазганымды түшүнбөй…

********************************

“Дүйнө”

Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган,

Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.

Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,

Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

 

Башымдан айлар учса, жылдар конуп,

Баратам, эл катары жылган болуп.

Келечек – кечээкимден бөлөк карап,

Кетишим – келгенимден ылдам болуп…

 

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.

Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.

Улуусуң! Ушунчалык терең туруп

Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген.

 

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.

Чындыгың акырында өзүмдү алаар.

Ак калпак аталардан мурас болгон,

“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

 

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.

Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.

Тигилип тойбой келем, көркөмүңө

Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.

 

***********************************

 

ПОЭЗИЯ

 

Артымдагы милдеттерим такымдап,

Алдымдагы асыл максат закымдап,

Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй,

Барчусуна баратамын жакындап.

 

Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин,

Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн,

Айтор, эптеп аман чуркап келатам

Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.

 

Азайгансып каталарым кетирген,

Акыл-эсим мурдагыдан жетилген.

Бир кемтигим – каректерим карыккан.

Бир өксүгүм – туяктарым кетилген.

 

Кыялдарым элес албай башканы,

Кырды көздөй кетип барам, ашканы.

Кысталганым – кубатымдын тозгону,

Кыйналганым – кыя жолдун таштагы.

 

Алыс калып асыл кездин көктөмү,

Азыр гана эске түшөт, кеткени.

Амалым жок, алга жыла бербеске —

Артта калсам – ажалымдын жеткени…

 

*********************************

 

ТҮНКҮ ЖАМГЫР

 

Көптөгөн жылдыз көрүнбөй бүгүн карааны

Көнөктөйт жамгыр, көлчүктүн үстүн чегелеп.

Сергитип, тыптынч уйкуда жаткан калааны,

Себелеп атат, себелеп атат, себелеп…

 

Талпынып төмөн, таштаган бойдон денесин

Тамчылар кулайт, тагдырга моюн сунушуп.

Ушунча жылдар, узаган күндөр элесин

Унутуп барам, унутуп барам, унутуп…

 

Таң калып койдум, эстутум өчкөн жан сымал.

Таба албай турдум, тааныла турган тарапты.

Алардын баарын акырын жааган тамчылар

Асмандан түшүп, агызып кетип баратты.

 

Теребел — жамгыр. Терезе тартат мезгилдер.

Тептегиз болуп термелет, тунук көңүлүм.

Уйкусуз түндө учурдун баасын сездирген

Умтулган сайын уучумдан аккан Өмүрүм.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.