Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков.

“Апам жана мен”

Мен бала элем,апам анда жаш эле,

Бирок,бизге тагдыр боору таш эле.

 

Кайда барса ийик түшпөй колунан,

Ат баштыктай мен да,түшпөй жонунан.

 

Кумурскадай чарчабаган,тынбаган,

Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган.

 

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар,

Оо,ал тургай мезгил белин сындыраар.

 

Көөдөн көзү көрө билген,дили курч,

Макалдатып сүйлөй билген,тили курч.

 

Сөзгө дагы,бөзгө дагы маш эле,

Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

 

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,

Чөптөр бийлеп,таштар дагы каткырып.

 

Тураар эле,бирок биздин дубалдан,

Көздөн,сөздөн,балким кара дубадан.

 

Онтогон үн чыгаар эле жаңырып,

Асман,жердин мейкиндиги тарылып.

 

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп,

Үй кабагын турчу мундуу күү коштоп.

 

Атам сулап жатаар эле төшөктө,

Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

 

Кандай күнгө кабылгам мен,катыгүн,

Оору менен алпурушуп аттигиң.

 

Сыртта эркек,үйдө аял болдум не?

Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

 

Оору эмес,ооруп көпкө жаткандар,

Нагыз ооруу,ооруу жанды баккандар.

 

Ыйлап алчу,кээде ушинтип бышактап,

Кош тизесин колу менен кучактап.

 

Деген менен кайраты мол жан апам,

Тагдырына бий,болуштай,хан апам.

 

Жерди кармап турган өңдүү огунан,

Касиети обочо эле тобунан.

 

Бирок,аттиң, мезгил ийрип ийигин,

Алды акыры өз колуна бийлигин.

 

Бербейт кайра,жалынсаң да бербестир,

Кайран жаштык асылсаң да келбестир.

 

Карылыктын жүгүн артып жонуна,

Таяк берип,мээнет кетпес колуна.

 

Боюн аштап,ийип койду эңкейтип,

Сынын алып,тишин күбүп кемшейтип.

 

Апам тургай,менден учуп каакымы,

Каш какканча өттү жаштык закымы.

 

Ошол күндөн,ушул күнгө агылып,

Онтогон үн,кейиген ыр жаңырып.

 

Аба жетпей араң-араң дем алып,

Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып.

 

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,

Онтоп,кейип келе жатам шор басып.

 

Мезгил өзүң,оңдо менин катамды,

Атамдан соң,мен карыттым апамды…

 

Мен бала элем,апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

 ***************************      

      “Ый”

Кайдасың бадырагым,

Кой көзүм, бакыраңым.

Көөдөндө бугуп жаткан,

Кусадан бакырамын.

 

Жүзүңдүн калы кандай?

Чачыңдын талы кандай?

Союлуп кетким келет,

Макулук жаныбардай.

 

Жамгырбы күздүн ээси?

Ак карбы муздун ээси?

Шор тамат карегимден,

Менминби туздун ээси?

 

Кайдасың жан берээрим,

Көөдөнгө шаң берээрим.

Баардыгын билген Кудай,

Билбеди бак берээрин.

 

Өмүрдүн көбү бүтүп,

Өзүңдү турам күтүп…

Кетпеди жер жарылып,

Кетпедим көргө түшүп.

 

Келатам өлүк жолдо,

Мен эми өлүк жорго.

Ач арбак сыяктанам,

Жараткан өзүң колдо.

 

Не жетсин көрүшкөнгө,

Муң-зарды төгүшкөнгө.

Илип кой жоолугуңду,

Мен жаткан көрүстөнгө.

**************************

“Чөккөндө”

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,

Көрбөдүм бакыттын жарыгын.

Уурдалды алтындай жаштыгым,

Отуздун боюнда карыдым.

 

Бу тагдыр ушундай катаалбы?

Төрөлдүм, бербедиң батаңды…

Кудайды кармасам таяктап,

Оңдогун демекмин катаңды.

 

Тамыры зак жеген тагдырдын,

Көчөтүн суу куюп жандыргын,

Шактарын жая албай, келет, өх,

Бүркүттөй өзүмдү жарга ургум.

 

Көңүлдүн түбүндө жара бар,

Өмүрүм чала жан, жарадар.

Бабалар журтуна көчкүм бар,

Мен кетсем канар, ээ, табаңар?..

 

Жашоонун маңызын түшүндүм,

Үзүгү экенмин түтүндүн.

Мээримге зар болуп жашадым,

Келүүдө өмүрдү бүтүргүм.

 

Максатым бар эле бараандай,

Жашагым келчү эле адамдай.

Закымдар соңунда сандалып,

Өзүмдү калдымбы таба албай.

 

Каргыш бар же өзүм жаманмын,

Калдымбы астында тамандын.

Санаалар курт сымал жанды оюп,

Саргайдым өңүндөй самандын.

 

Жашагым келчү эмес изи жок,

Изим жок, издечү кишим жок.

О дүйнө, бу дүйнө өмүр сүр,

Кудайга баары бир, иши жок.

 

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,

Көрбөдүм бакыттын жарыгын.

Уурдалды алтындай жаштыгым,

Отуздун боюнда карыдым.

***************************

             “Ыйманым ыр”

Ыйманым – ыр, жайнамазым – ак барак,

Беттегеним – чексиз, түпсүз Көк тарап.

Алоолонгон өчпөс отмун кыпкызыл,

Койгон мени Кыдыр даарып, Бак карап.

Ажал – досум, Түбөлүгүм – Көк Теңир,

Жашайм жерде, ордум да бар Көктө бир.

Түгөнбөгөн жашоо кени – жүрөгүм,

Түбүлүкмүн, соолбос, күйбөс, чөкпөгүр.

Жолум ачык, тєрт тарабым кыбыла,

Алгам чыгып өлбөстүктүн кырына.

Кудуреттин көчүрмөсү өңдөнөм,

Ааламдарды жууп, чайган нуруна.

Көз алдымда өткөн доор, замандар,

Топон суулар, кыйраган шаар, адамдар…

Байыркымын, тээ байыркы, байыркы,

Ошондуктан жалгызмын мен, жарандар.

Жалгызмын мен, көктєө жалгыз бир Теңир,

(Көбөйтүп көр, канча болот бирге бир?)

Ал Сыр менен, Мен Ыр менен дүйнөнү

Кармайбыз Биз, келтирип Ак дилге бир.

 

О мен, анын бар экенин далилдеп,

Жер жүзүнө чачам сырлуу дадил* кеп.

Мен Ааламдык Аманатмын жердеги,

Кыяматка чейин айткан адил кеп.

Акыр заман добулбасы кагылып,

Дүйнө ааламдар капшырылып, тарылып.

Жер огунан чыгып, каптап жалын, єрт

Турганда да, тураар ырым жаңырып.

Андан кийин жашоо кайра башталаар,

Жаңыланган жашыл дүйнө баш багаар.

Ошондо да, Жараткандын деминен

Кайра жанган жаным “Ыр” деп какшанаар.

Ыйманым – ыр, жайнамазым – ак барак,

Беттегеним – чексиз, түпсүз Көк тарап.

Алоолонгон өчпөс отмун кыпкызыл,

Койгон мени Кыдыр даарып, Бак карап.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз