Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Жанар Акаев өзүнө мандат тийбей калганы тууралуу пикирин билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына шайлоонун жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү логикага сыйбай турганын жана бул коркоктук экенин жазды. Депутат бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясын айыптады.

«БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун. БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан «салам-дубай» айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана «Альянска», анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү — акылга сыйгыс көрүнүш», – деп жазды Жанар Акаев.

Ал жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын бири экенин, гендердик баланс үчүн күрөшүп келгенин жана мындан ары да саясий ишмердиги күчөй турганын кошумчалайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.