Жол коопсуздугун көзөмөлдөөдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө унаа жолдоруна видеокамераларды орнотуу жакынкы кошуна өлкөлөрдө эбак эле ишке ашып, өз жыйынтыгын берүүдө. Бирок бизде арасат жолдо калган бул долбоорду өкмөт өз күчүбүз менен ишке ашырабыз деп өткөн аптада борбор калаадагы унаа жолдордогу негизги үч тилкеге көзөмөл камераларын орнотушкан. Бирок сынак иретинде орнотулган бул камералар кандай иштеп, жол кыймылынын эрежелерин бузган канча айдоочуларды каттап, сүрөтүн тартып алганы тууралуу так маалымат жок

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.