“Акылдуу шаарды” өкмөт өз алдынча ишке ашыргандай болду. Азырынча тесттик режимде, ал бир ай сыналат. Министрлер кабинетине бул иште орнотулган 3 видео-камера жардамга келди. Камералар дээрлик бир жумадан бери жол кыймылынын эрежелерин каттап, айыппулдарды чегерип жатат. Ал тууралуу, бирок тийиштүү кызматтар азырынча толук маалымат берише элек. 

 Мындай практика коңшу мамлекеттерге жакшы тааныш. Казакстан мындай техниканын жардамы менен жол кырсыктарын азайтууга жетишип, ири шаарларындагы тартипти кандайдыр бир деңгээлде орнотушту. 

 Долбоор азыр Бишкек мэриясына бекитилген. Айрым маалыматтарга караганда, айыппулдардан түшкөн каражат республикалык жана шаардык бюджетке которулат, так айтканда ички маселелердин  балансына берилет. Камера өзү автоматтык трдө эреже бузуучуларды каттайт, бул   мында адам аралашпайт, демек, ич ара келишип алуу болбойт дегенди түшүндүрөт. 

 Тесттик режимдеги камера  Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде, Ахунбаев жана Анкара-Байтик баатыр көчөлөрүндө жайгашкан. Беш күндүн ичинде бул жолдордон 31 миң автоунаа өткөн. Анын 7 миңден ашууну жол кыймылынын эрежелерин бузушкан. 

Мында 3 камера орнотуу менен эле маселени чечип салууга болбойт. Өлкөдө акыркы жылдары жол кырсыгынан жабырлангандардын, каза тапкандардын саны өстү. Ошондуктан, камераларды аймактагы, шаар ортосундагы, ошондой эле стратегиялык жолдорго орнотуу керек. Бул жолдордо кыймылдын ылдамдыгы жогору  болгондуктан, жол кырсыктары да көп кездешет. Шаарды долбоордун алкагында канчалык деңгээлде коопсуздандырууга болоору азырынча так эмес, бирок, коомчулук бул жолу ниеттер ишке ашаарынан үмүт кылат. 

 Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз