Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу  өкүлү  бензин чачылып өрттөлүп, аман калган аялга барып жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Каракол ШИИБ маалыматына ылайык, Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафенин жанынан бир эркек аялга бензин чачып, өрттөдү-деген маалымат келип түшкөн. Келген милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. өзүнүн 35жаштагы жарандык никедеги күйөөсү аялына бензин чачып, ширеңке чагып туруп, кылмыш кылган жеринен качып кеткенин аныкташкан.

Бул иш Каракол шаарынын ИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде  катталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү кармалып, Каракол шаардык сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда жабырлануучу Ысык-Көл облусттук оорукананын травматологиялык бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгердин айтымында, аялдын абалы туруктуу.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү бул ишти өз көзөмөлүнө алды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.