Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Сыны айылындагы бала бакчада өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар «NewTV» телеканалына кабарлап, видео, сүрөттөрдү жөнөтүшкөн. Тилсиз жоо 7-декабрь күнү кечки саат 11:00дө чыгып, 8-декабрга караган түнү саат 3:45те толук өчүрүлгөн. Бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.