Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздук инспекциясынын  Аксы райондук бөлүмүндө жаңы имарат курулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу биздин порталга инспекциянын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Карабаев билдирди.

Имараттын ачылуу салтанаты кечээ, 4-декабрь күнү болуп өткөн. Ага райондун акими, аталган инспекциянын облустук башчысы,  ошондой эле Кербен шаарынын тургундары катышкан.

Курулуш иштери былтыр башталып, үстүбүздөгү жылы аяктап колдонууга берилди. Учурда  мекемеде жалпысы болуп 11 адам эмгектенет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз