Аксы районундагы Кара-Суу суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы тургун табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, издөө иштерине министрликтен 11 куткаруучу, РИИБнен 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30дан ашуун адам тартылган. Бүгүн, 5-апрель күнү да  издөө иштери улантылып жатат. Азырынча эч кандай майнап чыга элек.

Белгилей кетсек, кырсык 2-апрель күнү саат 16:30дар чамасында катталган. Анда 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу жигиттин сууга  түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз