Бир канча убакыт мурда Аксы районунда үрөйдү учурган кылмыш катталган. 2017-жылдын ноябрь айында Коргон айылында үйлөрдүн биринде эки аялдын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Иликтөөлөрдөн кийин, маркумдардын бири ошол үйдүн ээси, экинчиси анын кызы экени аныкталган. 

Киши өлтүрүүгө шектүү катары 30 жаштагы жигит кармалган. Ал үй ээсинин кызы менен жакын мамиледе болуп жүрүп, кыз кош бойлуу болуп калганда аборт жасатууну талап кылган. Бирок, кыз баш тартканда түн катып барып аны жана энесин өлтүрүп кеткен. 

 Сот шектүүнү киши өлтүрүүгө айыптуу деп таап өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Бирок, райондук соттун чечимине нааразы болгон айыпталуучу жана анын адвокаты жогорку инстанциядагы сотко кайрылышты. 

Булак: NewTV

 

 

     

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз