Айтылуу теңдешсиз акын Жеңижокту кимдер гана билбейт. Туулган жери Талас, бала кезинен берки өмүрү, чыгармачылыгы Аксыда өткөн. Мындай дегенибиз,  14-15-июлда, Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан, керемет кооз “Кара-Камыш” көлүнүн жээгинде “Айтылуу акын Жеңижок, айтышаарга теңи жок” аттуу чоң айтыш өтмөкчү. Бул тууралуу Аксы районун Кара –Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров маалымдоодо.

Анын маалыматтарына караганда, аталган айтышты өткөрүүгө ЖК депутаты Sadyk Sher-Niyaz, КТРнын башдиректорунун орун басары Шайырбек Абдырахман, залкарлардын изи менен келе жаткан “Айтыш” коомунун жетекчиси Асылбек Маратов  кызуу колдошууда.

Тандоо туру 4-июль күнү Бишкек шаары, “Манас” кинотеатрында өтөт (кирүү акысыз). Финалдык бөлүгүнө тандалган 16 акын Кара-Камыш көлүнүн жээгинде 14-15 июлда улантат.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров: “Бул айтыштын өзгөчөлүгү акындарга кандайдыр бир эреже киргизилбей, көкүрөктөгү айтчу сезимди айтышат, убакыт кенен берилет. Эл дагы, акындар дагы чыныгы айтышка күбө болушуп, чер жазышсын деп макулдаштык. Чындыкты, калыстыкты туу тутушкан акындарыбызга саясат, экономика, социалдык маселелер, чегара деги болгон маселе боюнча эркиндик берилээри макулдашылды. Деги эле акындарды чектеген тема болбош керек го”-дейт…

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз