Он жылдан бери  жарыгы жок, чырак менен жашаган айылды көргөнсүзбү? Азыркы технология өнүгүп, өлкөбүз санариптештирүүгө карай багыт алган заманда кантип эле электр жарыгы жок айыл болушу мүмкүн дейт чыгаарсыз. Бирок, илгеркидей чырак тамызып күн кечирген элеттиктер да бар. Дал ошондой айылдардын бири Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагындагы Товар участогу. Бул жерде учурда 10дой үй-бүлө жашайт.

Аталган айылдын тургундары алакан жайып отура бергенден тажап, “Бала ыйлабаса эмчек кайда”  дегендей  жакшы үмүт менен кайрылуу жасаган видеосу интернетке жарыяланды.

Тасмадан андагы жашоочулардын 10 жылдан бери жашап, бирок ошондон бери өкмөт тарабынан эч кандай иш-аракет жасалбай жаткандыгын айтканын көрүүгө болот. Участоктун айрым тургундары үйлөрүн кулпулап кетип, айыл арасында батирлеп жашап, азыр 10 түтүн калган. Алардын балдары жарыксыз айылдан мектепке келүү үчүн кеминде 7 км жөө басууга аргасыз.

Биз Авлетим айыл аймагынын башчысы Нурмырза Абдырамановго кайрылып, жогорудагы маселе боюнча пикирин билдик.

“Ал жер негизи Авлетим айыл аймагындагы Товар-Сай айылына караган участок. Мурда бөлүштүрүлүп берилип, кээ бирлер менчиктеп алып, элдер отурукташып калган. Биз учурда документтерди даярдап облустагы тийиштүү жерлерге жөнөткөнү жатабыз. Конуш статусуна ээ болгондон кийин электр жарыгы сыяктуу маселелерди чечүүгө бел байлайбыз”, – дейт Абдыраманов.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялады. Бул жылы Товарлыктардын да тилеги орундалып, чырактын ордун электр жарыгы ээлечү күн да  алыс эмес чыгар.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз