АКШда жаз, күз айлары куюндар арбын болчу мезгил. Техас штатынын Франклин шаарында саатына ылдамдыгы 220 чакырымга жеткен куюн катталды. Көптөгөн үйлөрдү учуруп, эки адамдын өмүрү кыйылды. Бир нече адамдар жабыркады.

Миссисипи штаты, Виксбург шаары катуу кырсыкка кабылды. Куюндун айынан  машина жарылып, 3 жана 8 жаштагы өспүрүм каза болуп, алардын ата энеси аман калган. Техаста куткаруучулар  30 адамды өзүлөрүнүн үйлөрүнүн урандыларынын алдында калган жерлеринен куткарышкан.  

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз