24-сентябрь күнү Нью-Йоркто АКШ президенти Доналд Трамп КР президенти Сооронбай Жээнбековду дипломатиялык кабыл алууга чакырып, жолугушкандыгы, таанышкандыгы тууралу КРнын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов өзүнүн Твиттердеги баракчсасына жазгандыгы маалымат каражаттарында жарыяланды.  Ал маалыматта  жолугушуунун сүрөтү да кошо жарыяланган. Президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган расмий кабыл алуусунда болду.

Жолугушуунун программасында АКШнын биринчи ледиси Мелани Трамп менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева да таанышып, достошкону айтылды.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз