Эки жылдан бери АКШ менен Кытай өлкөсүнүн ортосунда соода согушу уланып келе жатканы белгилүү. Анын натыйжасында Кытайдын товарларын АКШда, АКШнын товарларын Кытайда сатуу кыйындап, эки өлкөнүн  ири фирмалары кыйынчылыкка учурап жаткандыгы маалым. Экономикага аябагандай эле сокку болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү.  2020-жылдын башталышы бул эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышы менен коштолду. Мамлекет жетекчилеринин бир нече ирет жолугушууларынан кийин бул аракет жемишин бере баштагандыгы байкалууда. Дональд Трамп январь айы тарыхый учур деп, айтып жиберди. Ал мындай пикирин Кытайдын вице-премьери Лю Хэ менен соода аралык мамилелер документине кол койуу учурунда айтты. Мындай аракет эки өлкөнүн ортосунда сакталып келе жаткан экономикалык терс мамилелерди жоюуга алгачкы кадам катары сыпатталууда.

Маукулдашууга ылайык, эми кийинки эки жылдын ичинде Кытай тарап АКШнын айыл чарба продукцияларын жана башка товарларын сатып алууга тийиш. Анын баасы 200 млр. доллар болушу зарыл. Бул макулдашунун негизинде АКШ Кытайдан келип жаткан ноутбук, телефон, оюнчуктар жана башка электрондук товарларга болгон салык алымдарын азайтмак болду. Мындай макулдашууну эки тарап тең “тарыхый” деп аташты.

Кытайдын товарларына болгон кошумча салык алымдарынын өлчөмүн азайтууну АКШ акырындап уланта бермекчи. Кытай товарларына буга чейин салынган 25 пайыздык,  250 млрд. долларлык кошумча салык алымы кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат. Бул рычагды АКШ азырынча кармап турарын билдирди.

Кытай тарап да АКШ товарларына карата кошумча салык алымдарды киргизбөөнү максат кылып жатканын билдирди. Ал эми  Кытайдын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолсок. Дүйнөлүк Ички Дүң Продукциянын үчтөн бири Кытайда өндүрүлөт. АКШдагы билим алып жатышкан студенттердин үчтөн бири кытайлыктар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.