АКШ өкмөтү бул өлкөнүн Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргызстандагы президенттик жана парламенттик шайлоого каражат бөлүү ниетин билдирүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Элчилик тараткан маалыматта “каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын демократиялык стандарттарды сактап, кыргыз мыйзамдарын туу тутуп, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүсү үчүн колдоо көрсөтөт” деп жазылды. Ошондой эле USAID Кыргызстандын көз каранды эмес демократиялык мамлекетке айлануусун 1990-жылдардын башынан бери колдоп келе жатканын белгиледи. АКШ Кыргызстанда саясий туруктуулук орноп, экономиканын өнүгүшүн, ачык-айкын демократиялык башкарууну, активдүү жарандык коомду колдойт жана таза шайлоо өтүшүн күтөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.