Белгилүү журналист Айданбек Акмат уулу Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Атамбаевге жасаган кайрылуусу тууралуу өз оюн  Би-Би-Си берүүсүнө билдирди.

Акмат уулу: “Райымбек Матраимов экс-президентке аны менен кармашууга кудурети жете турганын эскертип айтты. Анын дал ушул сөзү Матраимов эмнени кыйытып жатат деген талкууга жем таштады. Ошондой эле эми керек болсо Атамбаев менен кармашууга кудурети жете турганын, керектүү маалыматы да бар экенин баса белгиледи.

Бул жерде менимче өтө чоң бир маселе бар. Бул ошо президенттик шайлоо, андан кийинки учурдагы финансылык агымдарды бөлүштүрүүгө байланыштуу маселе. Буга чейин Бажы кызматы биринчи адамга ай сайын 13-15 млн доллар накталай акча алып кирип турат деген кеп жүрчү.

Андан сырткары бажы тармагындагы булар тейлеген башка бир ыкмалар болушу мүмкүн. Башка каналдар аркылуу кетип жаткан акчалар болушу ыктымал. Ошол эле кезде азыр айтылып жаткан контрабанда аркылуу алынып келип жаткан товарлар болушу мүмкүн. Себеби, телефон контрабандасы жөнүндө, башка контрабанда жөнүндө аябай көп сөз бар. Ошол эле учактын кыйроосундагы контрабандалык жүктөр жөнүндө сөздөр, ошолор жөнүндө маалыматы бар, мүмкүн ошолорду маалыматым бар деп айткандыр”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз