Ысык-Көл облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 20-сентябрда Ысык-Көл облустук криминалдык милициясына Чолпон-Ата шаарындагы дарыканалардын биринде өзүн УКМКнын кызматкеримин деп күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылып жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

“Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө анын УКМКнын жалган кызматкери экени аныкталды. Ал Чүй облусунун 34 жаштагы тургуну болуп чыкты”, – деп билдиришти облустук милициядан.

Кармалган жаран Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милиция кармалган адамдан жабыркаган же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан 102, 03943 4-39-80, 0709 331 515 номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.