Балыкчы – Жалал – Абад альтернатива жолуна кеңешчилерге эле 7 млн. АКШ доллары кете тургандыгы тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Ал маалыматтарга караганда кеңешчилер Эл аралык компаниялар болот. Биздин Кыргызстандыктар болбойт.

Жанар Акаев: “Бул жолго Азия өнүктүрүү банкынан 9млн. 500 миң.грант алынат. 7млн.160 миң доллары консултациялык кызматтарга жумшалат экен. Гранттын 90 пайызга жакыны кеңешчилерге кетип жатат. Андан сырткары долбоорду башкаргандарга 1млн. 200 миң доллар берилет. Көчүрүүго чыгымдар 70 миң жана  да бөлүштүрүлбөгөн каражаттар 1млн. 70 миң доллар деп турат. Биз грантка жол курабызбы же кеңешчилерге, жетекчилерге эле беребизби? Кыргызстандын 4млрд. 500 млн. сырткы  карызыбыз бар. Муну карап чыгуу керек”,-деди.

Транспорт министрлигинин өкүлчүлүгү жол курулушуна грант берилбешин, жогорудагы Эл аралык банктын талабы ушундай экенин, кеңешчилерге берилээрин маалымдады. Төрт багыт боюнча кеңешчилер иштешет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз