Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол – Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин ачылыш аземи өттү. Буга чейин «Ак-Жол – Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылып, ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Былтыр декабрь айында Чек ара кызматы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын оңдоо иштери 68% бүткөнүн маалымдаган.

Мурдагы вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөрүн айткан. Ошондой эле мамлекеттин аброю көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнөн көз каранды экенин, ошол себептен жаңылоо иштерин сапаттуу жүргүзүү керектигин белгилеген.

Көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери толугу менен аяктап, өткөрүү иштери жанданат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.