Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын Ак-Суу райондук хатибияты Тепке, Курбу, Жылдыз айылдарындагы мектеп жашындагы 150 жетим кызга кышкы баш кийим таратты. Бул тууралуу аталган райондун баш имам хатиби Асантур ажы Абрахманов билдирди.

Асантур ажы Абрахманов: “Бул  иш-чара райондук хатибият жана “Адеп-ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Хатибият бул фонд менен кызматташып, бүгүнкү күндө кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет. Бүгүн 150 жетим кызга кышкы баш кийим жана моюн орогуч, кол кабы менен таратылып, кубанычтарына шериктеш болуудабыз”,-деди.

Аталган фонддун жетекчиси Эрмек Жунушев бүгүнкү күндө фонддун аткарып жаткан иштери, кайрымдуулук акциялары Орусияда эмгектенип жаткан биртуугандарыбыздын жана жергиликтүү тургундарыбыздын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.