Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда конуштун жаштарынын демилгеси менен балдар үчүн спорттук жана оюн аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондусунун маалымат кызматы билдирди.

Бул жаштардын демилгеси 2018-жылдын май айынан тарта Бишкектин 10 жаңы конушунда Бириккен Улуттар Уюмунун үч агенттиги: ЮНФПА/ЮНИСЕФ/УНП жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду менен биргелешкен «Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас жана Эне-Сай конуштарынын жаштары конуштарга социалдык объектилерди салуу боюнча долбоор жазышып, ал колдоого алынган.

Ак-Ордо конушунун 14500 жашоочунун 2 миңге жакыны жаш балдар. Алар үчүн тилекке каршы бала бакча, балдарды өнүктүрүүчү борборлор, эс алуучу, спорттук жайлар, парктар, ата-энелер үчүн балдары менен убактысын өткөргөнгө ыңгайлуу аянтча жок болчу.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз