Ай үйдүн карантинге жабылышы комиссия аркылуу чечилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-июнда пленардык жыйын өтөт, бул маселе ошол жерде каралат.

““Бүгүнкү күндө жалаң гана Ак үйдө эмес, мамлекеттик мекемелерде дагы илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт”, – деп билдирди министринин орун басары Каратаев.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.