2017-жылы Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Бактимир” курулуш компаниясы «Ак-Босого» жаңы конушундагы канализациялык түйүндөрдүн салуу боюнча    20 млн. 387 миң 938 сомго келишим түзгөн.  Мэриянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, курулуш иштери 2019-жылдын 15-апрелинде соңуна чыкмак. Бирок, Манас көчөсү менен Чүй 15 көчөлөрүнө 1000  метр жер калганда курулуш иштери токтоп калган.

Ошондой эле Тулебердиев жана Профессор Зима көчөлөрүндө  210 метр канализация түйүндөрүн салуу иштери токтотулган.

Тилекке каршы башкармалыктын дагы, Биринчи май акимиатынын кызматкерлери дагы, “Бишкексууканал” ишканасынын кызматкерлери дагы “Бактимир” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жоопко тарта алышкан эмес. Ал эми бул көчөлөрдүн жашоочулары ылай жол менен күнүгө басып келишет.

Жыйынтыгында бул ишке Бишкек шаарынын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр   Уланбек Азыгалиев аралашууга аргасыз болуп, материалдарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберди. Териштирүү иштери башталып, 2020-жылдын 3-мартында соттук отурум өтөөрү белгилүу болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.