Борбордогу Ак-Босого жаңы конушунда жолбун иттер көбөйүп, тургундарга коркунуч  жаратууда. Бул туурасында аталган конуштун жашоочулары билдирди.

Балдарынын коопсуздугуна кабатырланган ата-энелер маселе бир топ жылдан бери чечилбей, тескерисинче жолбун иттердин саны күн санап өсүүдө дешет. Ал эле эмес, иттердин өспүрүмдөргө кол салып, каап алган учурлар да катталып келет. 

Айрыкча Ак-Босого жаңы конушундагы Чүй 22,23, 25, 31 көчөлөрүндө мындай иттер арбын. Анан калса айрым үй ээлери короосунда экиден, үчтөн ит багышат. Аталган конуштун тургундары бул  боюнча кварталдык комитеттерге кайрылышкан, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Бул маселе боюнча Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасынын атын атагысы келбеген кызматкери мындай кырдаалдын жаралышына тургундар өздөрү да күнөөлүү дейт. Айтымында, ит багып жаткан үй ээлеринде жоопкерчилик жок.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.