Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча сот чечим чыгарды. Анда 5 айыпталуучунун иши каралып, аларды сот күнөөлүү деп тапты.

Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ар бир соттолуучу 100 миң сом өлчөмүндө жабырлануучу тарапка айып төлөөгө милдеттендирилди.

Эске сала кетсек, 27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Бишкек шаардык милициясы кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.