“Коопсуз шаардан” түшкөн айып пулдун бир бөлүгү Тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган долбоорго ылайык, кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүргөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларды ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга керектелет.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, шашылыш жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу шашылыш медициналык жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз