Өкмөттүн кезектеги жыйынында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары талкууланды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев  тиешелүү баяндама жасады.

Андагы маалыматтарга караганда, азыркы тапта өлкөнүн аймагында 1819 айыл бар, алардын ичинен 267 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму 1960-жылга чейин курулган, ал эми 386 айылда таптакыр жок. Анын маалыматы боюнча, айыл жергисинде калктын 35,5 % ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес.

2001-жылдан 2011-жылга чейин 533 айылда суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 млн АКШ доллары жумшалган.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Учурда 57 айылда суу менен камсыздоо объекттеринде кайра оңдоо жүрүп жатат. Бул коррупциялык механизмдердин бар экендигин айтып турат. Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда», – деди.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, суу менен камсыздоо объекттерин модернизациялоого, ошондой эле тартылган каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга так талаптарды жана механизмдерди иштеп чыгуу маанилүү болуп саналат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз