Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги , бош орундарга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, анда Бакай-Ата, Жети-Өгүз, Чаткал жана Ак-Талаа райондорундагы агрардык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилик кызматына талапкерлер каралат.

Аталган жумушта иштейм дегендер мамлекеттик жана расмий тилди билиши шарт. Компьютердик техника жана айрым программалар менен да тааныш болушу керек. Ошондой эле аталган тармак боюнча жогорку билими жана муниципиалдык кызматта кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы да эске алынат.

Талапкерлерге Конституция жана коррупцияга байланышкан мыйзамдар боюнча тесттик суроолор берилмекчи. Документтер 19-мартка чейин кабыл алынат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз