Бүгүн юстициянын генералы, чыгаан инсаныбыз Райымбек Момунов 84 жашында каза болду.
Райымбек атабыз эң алгачкы кыргыздан чыккан юстициянын генералдарынын бири болчу.
1970 – 1984 – жылдар аралыгында 14 жыл республикабыздын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп үзүрлүү кызмат кылган.
Ардактуу генералыбыз өлкөбүзгө эң керектүү болгон бир нече юрист уул-кыздарыбызды шакирт катары тарбиялап өстүргөн.

Момунов Райымбек 1936-жылдын 4-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сыны айылында төрөлгөн.

Билимге болгон умтулуусунун натыйжасында 3 жогорку билимге ээ болгон: Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин, Ош педагогикалык институтунун тарых факультетинин жана Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун Жаңы-Жол райондук аткаруу комитетинин бөлүм башчысы катарында баштаган. Андан соң Өзгөн райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, Көк-Жаңгак шаарынын прокурору, Көк-Жаңгак шаардык партиялык комитетинин 2-катчысы, ошол эле шаардын аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1970-жылы Кыргыз ССРинин прокурорунун 1-орун басары болуп дайындалып, 14 жыл бою эмгектенген. КПСС БКнын атайын токтому менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы, Өнөр жай курулуш материалдар министрлигинин арбитри катарында эмгегин уланткан. Ноокен районунун прокурору, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүм прокурору жана Жалал-Абад шаардык прокурорунун жардамчысы болуп кызмат өтөгөн.

Р. Момунов өзүнүн үзүрлүү эмгеги үчүн “Ардак белгиси” ордени; В. Лениндин 100- жылдыгына арналган юбилейлик медаль; Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы; “Эмгек ардагери” медалы; “Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын Ардактуу кызматкери” мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1972-жылдын 16-июнундагы Указы менен Момунов Райымбекке юстициянын   III класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылган.

Райымбек Момуновдун артында 4 баласы жана 14 небереси калды.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.