Эралы уулу Аман менен Эсен Аксы районунун Жерге- Тал айылындагы Абдыжапар Эрматов атындагы Миң-Булак орто мектебинин 10-классында окушат. 

Эгиздерди мугалимдери менен классташтары да оңойчулук менен айырмалай алышпайт. Экөөнүн өн-түспөлү, боюу турмак, мүнөзү да окшош. Мугалими Миргүл Ташмаматованын айтымында, Аман да, Эсен да абдан жоопкерчиликтүү, намыскөй,  өжөр өспүрүмдөр. 

“Амандын бетинде кичинекей калы бар. Ал алыс жактан көрүнбөйт. Жанында жакын турганда гана көзгө илешет. Ошондуктан, кимиси ким экенин жакын турганда гана айырмалай алам. Эгер Аман бир күн сабакка келбей калса, эртеси жолубуздан биринчи Эсен кезиксе, “Кечээ эмнеге сабакка келбедиң?” – деп аны “суракка” алып жатып калабыз”, – деп күлөт мугалими. 

Өспүрүмдөрдүн экөө тең кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыгаарын да мугалими кошумчалады. 

Айрып алгыс эгиздер Аман менен Эсен

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.