Бардык талапкерлерге каршы добуш эң көп берилген участоктордо шайлоо кайра өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Бишкектеги кээ бир участоктордо “баарына каршы” добуштар эң көп добуш алган талапкердикине караганда көп болду. Шайлоо мыйзамынын 37-беренесинде “Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынан аз болсо шайлоо болбой калды деп таанылат” деп жазылган. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт”, – деди Шайлдабекова.

Ал кошумчалагандай, кайра шайлоо күнүн БШК бир ай ичинде аныкташы керек болот.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.