Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Шайлообек Атазов менен Төлөнбай Нурбаевге 7500 сом айып пул салынды. Ушундай эле чечим Социал-демократтар партиясынын лидерлеринен бири Темирлан Султанбековго карата да чыгарылды. Алар үгүт маалында диний маселени козгоп, мыйзам эрежелерин бузганы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени 21-ноябрда карады. Жумушчу топтун маалыматына караганда, Атазов менен Нурбаев 16-ноябрда шайлоочулар менен жолуккан учурда “мектепке жоолук салынууга каршы чыккандарды сот жообуна тартуу” демилгесин көтөрүп, мусулманчылыктагы эрежелер тууралуу сүйлөшкөн.

«Социал-демократтардын» лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков Бишкектеги жыйындардын биринде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишин кайра жандантуу маселесин көтөргөн. Султанбеков өзү депутаттыкка талапкер эмес. Бирок ал лидер катары сүрөгөн партия ат салышып жаткандыктан үгүт эрежелери бузулган деп табылды.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Азаттык” партиясынан талапкерлигин койгон Медеткан Шеримкуловго да 7500 сом айып пул салынды. Ал Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко катышкан видеону “Фейсбукка” чыгарып, мыйзам бузганы айтылды.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер башка мамлекеттердин саясий лидерлеринин сүрөттөрүн жарыялап, үгүткө колдонбошу керек.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.