Дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясы кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, “Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык” сыйлыгына илинбей калган кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты.

FIFPROнун сайтында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы айтылган. Тандоо комиссиясы анын каармандыгы өзгөчө наамга татыктуу экенин белгилешкен.

Айдана Оторбаева – Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү катары бир нече эл аралык оюндарга катышып, ийгилик жараткан. Ал учурда өзүнүн футбол мектебин ачкан. Ал – Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.