25-27 сентябрында Бишкек шаарында “АгроТехЭкспо-2019” Республикалык көргөзмөсүнүн өтүшү күтүлүүдө. «АгроТехЭкспо-2019» – Кыргызстандагы агроөнөржай комплекси үчүн дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн чыгарган техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет. Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Көргөзмө ордо калаанын борборунда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн алдындагы 5000 чарчы аянтта өтөт.  Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникаларынын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн үч күндүк ишине өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн 7000 ашуун фермерлердин жана дыйкандардын катышуусу күтүлүүдө.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз