Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊеште «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Улутсофт» компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов маалымат-технология доорунда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Бүгүнкү күндө кыргыз тили экономикалык баалуулук катары колдонулбай жаткандыгына токтолду. Ошону менен катар чөнтөк телефон менен социалдык тармактарды активдүү колдонуучулары кыргыз тилин, андагы ө, ү, ӊ тамгаларын пайдаланылбай жаткандыгын, билинбеген менен бара-бара анын кесепеттери тууралуу айтып: «Алдыдагы кибернетика доорунун шарттарына ылайыкташтырып багыт алуубуз керек»,- дейт.

Мирбек Окенов «Улутсофт» компаниясы алдына кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллектке жетишүү үчүн 4 кадам: 1) текстти үнгө айландыруу (2018), 2) үндү текстке айландыруу (2019), 3) тексттин семантикалык анализи (2021), 4) тексттин синтези (2023) коюлгандыгын маалымдады. Анын маалыматы боюнча текстти үнгө айландыруу жүзөгө ашырылды. Үндү текстке айландыруу жыл соӊуна чейин аткарылат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз