Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго кызмат учурунда коррупциялык иш аракеттери үчүн кылмыш иши козголгондугу жана аны издөө жарыяланганы маалымдалган болчу. Аны менен кошо аталган мекеменин бир топ кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон болчу. Андан соң А. Жунусовдун кайда, каерде экендиги белгисиз болуп келген.

Атайын расмий маалыматтарда бул уюшулган топтун аракетинин негизинде мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирилгени айтылган.

Ал эми А. Жунусов Баку шаарында аэропорттон кармалганын ““Новая эпоха” интернет-порталы жазып чыкты. Кыргызстандын тийешелүү укук коргоо органдары бул маалыматты азырынча ырастай элек.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз