Замират Узакбаева үч жылдан бери акыйкатты  таппай келет. 2015-жылдын 10-июлунда кызы жол кырсыгынан каза болгон. Айыптуу деп жол кырсыгына себеп болгон автоунаанын айдоочусу,  1992-жылы туулган Данияр Шейшенбеков табылган, ал катуу ылдамдык менен каршы тилкеге чыгып, 6 адам келаткан автоунаага урунган. Бирок, айыптуу дагы деле эркиндикте жүрөт. 

“Мен анда ортоңку орундукта отуруп келаткам, баарын көргөм. Эртең мененки саат 8дер болчу, рулду уулум башкарып бараткан. Жолдо дээрлик машине жок эле. Капысынан биз бараткан тилкеде бизди көздөй машина келатканын көрдүк, кагылуудан качууга үлгүргөн жокпуз. Автоунаада эки неберем да бар эле. Аларга операция жасалды. Бирок, кызымды жоготтум, айыптуу дагы деле жазага тартылбаганына ызаланам. Ал жигиттин ата-энеси мага акча сунуштап келишкен, баш тарткам, баары мыйзам чегинде болоорун айткам. Көрсө бизде мыйзам иштебей эле, акча иштейт экен. Эгер ал жигит айыптуу болбогондо ата-энеси мага конверт көтөрүп келбейт болчу да”, – дейт Замират Узакбаева. 

Айыптууну жазалаш үчүн Узакбаева бир нече жолу прокуратурага жана ИИМге кайрылган, анткен менен ал тараптан тийиштүү реакция болгон эмес. Ал турмак 14 жолу соттошкон. Айтымында, жол кырсыгына себепкер болуп, бир адамдын өмүрүн алган жигитке айып да тагылбаган. 

“2015-жылдын декабрь айында маалымат жыйынын бердим. Ошондон кийин соттук процесс башталды. Сотто жол кырсыгы боюнча ишти алып барган тергөөчү Алия Олжобаева Караколдогу тергөөчүлөр Талип Жаналиев менен Марлен Жумабек уулу эксперт-криминалист менен бирге анын колунан иштин материалдарын алып, өзгөртүү киргизгенин айтты. Олжобаева алардан бул үчүн өзүнө эч нерсе болбойбу деп сураганда, баары жакшы болот, көп жылдык тажрыйбабыз бар деп жооп беришкен тигилер. Жыйынтыгында, 14 соттук процесс болду. Абдан узакка созулду. Көрсө, бир жылдан кийин адам өмүрүн алган жол кырсыгынын кылмыш иши күчүн жоготот экен”, – деп оор үшкүрүндү жабырлануучу. 

Ал Ысык-Көл облусунун сотторунун чечиминен үмүтүн үзгөн соң Жогорку сотко кайрылган, анын негизинде башкы инстанция ишти карап кайрадан тергөө чечимин кабыл алып, иш 2018-жылдын 17-январда аталган облустук сотко жөнөтүлгөн. 

Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева мындай дейт: 

“Жабырлануучу Замират Узакбаеванын арызы жарым-жартылай канааттандырылып, Ысык-Көл облустук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Мыйзамга ылайык, эгер кандайдыр бир күмөн жаралса, иш кайра каралат”. 

Учурда кызын жоготкон кайгылуу эне жол кырсыгын жараткан айдоочуну гана эмес, айыптууну калкалоого аракет жасаган тергөөчүлөрдү да жоопко тартууну талап кылууда. Бир адамдын өмүрүнүн кыйылышына себеп болгон Данияр Шейшенбеков эркиндикте жүрөт, ал эми эки бала энесиз өсүп жатат. 

 

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.